Мекеменин башчысы Мухаммед эл-Барадеи Таиландда сүйлөгөн сөзүндө реактордун жабылышын “туура багыттагы кадам” деп сыпаттады. Пхеньян ядролук программасынын бир бөлүгүн токтотуу үчүн ишембиде Түштүк Кореядан суюк отундун алгачкы партиясын алган. Йонгбйон станциясында курал чыгарууга жетиштүү көлөмдөгү плутоний байытылчу.
Пхеньяндын атомдук программасы боюнча алты тараптуу сүйлөшүүлөр 18-июлда Бээжинде улантылмакчы.
Пхеньяндын атомдук программасы боюнча алты тараптуу сүйлөшүүлөр 18-июлда Бээжинде улантылмакчы.