Ташкент шаарынын судьясы Закир Исаев президент Ислам Каримовго ачык кат жазып, анда жогорку бийликтеги кызматкерлер сот ишине ачык кийлигишип жатканын билдирген. Мындай шартта коррупцияга каршы туруу жана адилет сот ишин жүргүзүү мүмкүн эместигин белгилеген Исаев кызматтан бошотууну президенттен өтүнгөн арызын жазып берди.