13:30 Биринчи жарым жылдыкта 24 мамлекеттик маанидеги мекеме менчиктештирилген

Менчиктештирилген мекемелердин жалпы суммасы 160 миллион сомду түзгөн деп билдирди маалымат жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча комитеттин төрагасы Алмазбек Иманалиев. “Жалпысынан менчиктештирилген ишканалардын саны 7228, бул болсо 72.4%ды түзөт. “Ак-Суу жүгөрүнү кайра өндүрүп чыгуучу шекер комбинатына” 15 миллион сом, “Кадамжай сурьма комбинатына” 71.6 миллион сом, “Халык-Банкка” сексен миллион сом кошумча инвестиция тартылган”,-деди А. Иманалиев. Жыл башынан бери менчиктештирүүдөн бюджетке 110.1 миллион сом киреше түшкөндүгү маалым болду. (ZMa)