Бул маселе бүгүн премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда өткөн өкмөт жыйынында козголду. Анда өткөн жылы электр кубаттуулугундагы жоготуу 38 пайызды түзсө, быйыл жети айдын аралыгында 40 пайызга чыккандыгы айтылды. Бишкек ТЭЦи 30 пайыз мүмкүнчүлүгү менен иштеп жаткандыгы, аны жеке колго сатууну тез арада чечүү маселеси көтөрүлдү. Электр энергиясына дебитордук карыз 3 млрд.700 млн. сомду түзгөн. Ал эми Казакстанга газдын карызы 18 млн. доллар болсо,жалпы энергетика тармагынын мурдатан келаткан карызы 21 млрд. сомго жеткен. Ошондой эле Терексай алтын кенине лицензияны тендерге коюп, ачык-айкын сатуу керектиги айтылды. (AJ)