Жаңылыктар Пакистанда кеминде 16 жоокер набыт болду 18-Июль, 2007 Бүгүн Пакистандын Түндүк Варизистан облусунда согушкерлер аскерлерге ок атып, кеминде 16 жоокер курман болду. Акыркы мезгилде Ооганстан менен чектеш бул аймакта согушкерлер өзгөчө күч алды. 17-июлда жанкечти жардырган бомбадан үч аскер мерт кеткен.