Ооганстанда өлкөнүн мурдагы падышасы Мохаммад Захир шах 92 жаш курагында көз жумду. Анын өлүмүнө байланыштуу бүгүн өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыяланды. 1970-жылдары кулатылган падышанын өмүрү өлкөнүн эң бир татаал мезгилдерине, анын ичинде советтик баскынчылыкка, ички согушка жана талибдердин фундаменталисттик бийлигине туура келди. Мындан беш жыл мурда узак жылдардан берки Европадагы сүргүндөн мекенине кайтып келгенден кийин "улуттун атасы" наамын алган Захир шахтын өлүмү бүгүнкү Ооганстан үчүн эмнени билдирет?
Кабулда дүйшөмбүдө сүйлөгөн сөзүндө ооган президенти Хамид Карзай аза күтүүнү мындайча жарыялады:
–Улут атасынын өлүмүнө байланыштуу мен үч күндүк жалпы улуттук аза күтүү жарыялайм. Ооган байрактары түшүрүлөт. Бүт өлкө боюнча эскерүү иш-чаралары өткөрүлөт.
Мохамад Захир шах киндик каны тамган мекенине жакында эле кайтып келген. Анын 2002-жылдын апрелинде Кабулга келишин дүйнөлүк маалымат каражаттары кеңири чагылдырган. Бир күндө Захир шах ооган жергесин калыбына келтирүүнүн символуна айланган. Дээрлик 30 жыл Италияда сүргүндө жашаган падыша АКШ баштаган чабуулда талибдердин бийлиги кулап, өлкөдө Бириккен Улуттар колдогон жаңы администрация бийликке келгенден кийин кайткан.
Мурдагы падышанын биографы Вориз Станикзай Азаттыктын ооган кызматына Захир шахтын өлүмү өлкөдөгү кырдаалды кескин начарлатышы мүмкүн деген тынчсыздануусун билдирди:
– Менин жеке көз карашымда, аны бүт өлкө жактырчу. Ар бир уруу ага ишенчү, андан үмүттөнчү. Анын Кабулда болушу тынчтык жараяны үчүн өтө маанилүү болчу. Аны сыйлагандыктан Карзай президент болду. Шахтын өлүмү Оогастандагы саясий кырдаалга терс таасирин тийгизет. Айрыкча анын көзү өткөн соң эми Ооганстанда баш-аламандык өкүм сүрүшү мүмкүн. Мен ушуга тынсызданам.
Захир шах түбү пуштун уруусунан болгону менен, классикалык фарсы маданиятында таалим алган. Ал Ооганстандагы бардык этникалык топтор, анын ичинде памир кыргыздары менен мамиле түзө билген. Ооган кыргыздарынын ошол кездеги башчысы Рахманкул хан менен көзмө-көз жолугуп, ага Ооганстандын түндүк чек араларын кайтарышууну тапшырган.
Захир шах Кабулга кайткандан кийин падышачылык системаны калыбына келтирүүнү көздөбөй тургандыгын, ал үчүн Ооганстандын биримдиги биринчи орунда экендигин жарыялаган.
2002-жылдын июнунда Ооганстандын улуттук жыйыны Лоя Жырганын ондогон жылдардан берки биринчи сессиясын ачып жатып, ал буларга токтолгон:
- Мен падышачылыкты кайра тирилткенди көздөбөйм. Менин көздөгөнүм - узак мезгилден бери азап тартып келаткан Ооганстандын элине кызмат өтөө. Мен кайсы кызматта болсом да, Ислам дининин асыл-нарктарына ылайык, демократиялык башкаруу үчүн элдин биримдигин бекемдөөгө ант берем.
Захир шахтын 1933-жылдан солчул көз караштагы бөлөсү Мохаммад Даут хан кулаткан 1973-жылга чейин 40 жылдык бийлигин көпчүлүк Ооганстандын "алтын доору" деп эсептейт, ушундан улам ал мекенине кайтканда оогандардын көпчүлүгү Захир шахты жылуу тосуп алышкан.
Жаңыл Жусубжан, Прага