Тажисктанда террорист деп шектелген жети киши кармалды

Ички иштер министринин биринчи орун басары Шариф Назаровдун маалыматы боюнча, кармалгандар Дүйшөмбү калаасынын базарларында жана дискотекаларында террордук чабуулдарды пландаганын моюндарына алышкан. "Өзбекстандын Исламчыл кыймылына" мүчө деп шектелгендердин жанынан ок-дары, жаргыч заттар табылган.
Анын аралыгында, Тажикстандын түндүгүндөгү Ашт аймагында жаратылыш кырсыктарынан 12 киши курман болду. Кечээки алты баллдык зилзалада Раш аймагында үй кулап, үч бир тууган ага-ини урандыда калган. Калгандары жер көчкүдөн мерт болушту.