10:40 ШИИБ ШКУнун саммити алдында коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чараларды өткөрөт

ШКУнун саммити алдында Шаардык ички иштер башкармалыгы Бишкек милициясы менен биргеликте коомдук жайларда коопсуздукту камсыздоого багытталган иш-чараларды өткөрөт. Райондук ички иштер бөлүмдөрүндө коопсуздукту камсыздоо күчтөрү жана каражаттарын координациялоо максатында оперативдик штабдар ачылды. Иш-чаранын алкагында башка кызматтар менен бирге кызматташуу маселелери чечилип, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен иш алып баруу каралган. Бул тууралуу ШИИБнын басма сөз кызматынан кабарлашты. (JTo)