14:30 “Биримдик аркылуу өнүгүү” аттуу Кыргызстандын жалпы улуттук идеясынын бетачары болду

Кыргызстандын жалпы улуттук идеясы камтылган китепте мекенди сүйүү, эл ынтымагы, адеп-ахлак маселеси чагылдырылган. Мамлекеттик катчы Адахан Мадумаровдун айтымында, кыргыз-орус тилинде жарык көргөн бул китепти мамлекеттик идеология боюнча акыркы документ деп кабыл албоо керек. Буга байланыштуу коомчулуктун пикири, элдин сунуштары эске алынат, дейт мамкатчы. (AJ)