Анын башкы себеби Карасуу соту кытай жараны, бул өлкөнүн ишкерлер уюмунун Оштогу төрагасы Уан Жуй Ченди коңшу мамлекетте мыйзамсыз жүргөн, милиция жана миграция кызматкерлерине пара берүү максатында мекендештеринен ири өлчөмдөгү акча топтогон деп айыптап, ата журтуна токтоосуз кайтаруу чечимин чыгарган. Уан Жуй Чендин өзүнүн айтымында, үстүбүздөгү жылдын 17-июлундагы Карасуудагы сот жараянына эреже боюнча анын актоочусу, ошондой эле Кытай элчилигинин консулу жана күбөлөр катыштырылган эмес. Тилмечти тааныбайт, котормосу түшүнүксүз. Айыпталуучу укугунан пайдаланып облустук сотко даттана электе 19-июль күнү милиция кызматкерлери кытайлык коомдук ишмерди мекенине күчтөп кетирүүгө аракет кылышкан. Ош облустук коопсуздук кызматынын жетекчиси Орозбек Отунбаев Уан Жуй Чендин дооматын таптакыр четке какты. Анын айтымында, Уан Жуй Чен облсотко актоочусун жөнөтүп коюп, өзү качып жүрөт. "Баары бир андан арылабыз,"- деп билдирди Орозбек Отунбаев. (АТ)