12:03 Бишкекте “Аял жана саясат. Борбор Азиядан көз караш” аттуу конференция башталды

Эки күндүк конференцияда Борбор Азия өлкөлөрүнүн коомдук-саясий ишмерлери аялдардын саясий турмушка катышуусун талкууга алып, тажрыйба алмашат. Конференцияда айтылган ой-пикирлер өзүнчө китеп болуп чыгып, Борбор Азиялык саясий партиялар, мамлекеттик мекемелер жана бейөкмөт уюмдарына колдонмо катары сунушталмакчы. (JTo)