Абадан коргоо күчтөрү былтыр 27-июлда президенттин жардыгы менен түзүлгөн. Аба мейкиндигининен өлкөнүн көз карандысыздыгын, улуттук коопсуздукту, аба чек араларын коргоо, абадан кол салуунун алдын алуу озуйпасын буга чейин Коргоо министрлигинин абадан коргоо бөлүмү аткарып келген. Бул туурасында аты аталган министрликтен кабарланды. (EBM)