13:00 Өкмөт башчы Аксылыктар менен жолугушуп кайтты

Алмазбек Атамбаев кечээ Аксы районунда болуп, бир нече айыл өкмөттүн тургундары менен жолугушуп келди. Ал быйыл жаз айларында селден жабыркаган Карасуу жана Каражыгач айылдарындагы бүгүнкү күнгө чейин чатырда жашап жаткан 26 үй-бүлөгө 50 миң сомдон бөлүнөөрүн, ал эми Иринжит каналынын курулушуна 10 млн сом берилет деп билдирди. Мындан тышкары кайрадан оңдолуп жаткан Ташкөмүр-Каражыгач автожолунун курулушу менен таанышты. 26-июлдагы нөшөрлөгөн жаандан улам пайда болгон сел Жергетал айыл өкмөтүнүн Мукур айлындагы көпүрөнү алып кетип, Кербен –Каражыгач жолу буулуп калган. Буга байланыштуу өкмөттүк делегация Каражыгач, Карасуу, Кызылтуу айыл өкмөттөрүнө жолду айланып барууга аргасыз болгон.