15:30 Бишкекте “Башкаруунун улуттук үлгүсү” деп аталган тегерек үстөл болот

Тегерек үстөл “Эл ынтымагы” социалдык – демократиялык партиясы тарабынан уюштурулууда. Аталган партиянын лидери Роза Акназарованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча анда учурдагы башкаруу системасына улуттук каада-салттарды киргизүү, алардын жакшы жактарын алып, туура колдонуу сыяктуу маселелер талкууга алынмакчы. “Кыргыздарда байыртан эле демократиялык башкаруу болгон, эл өзү каалаган лидерин хан көтөргөн, 31-июлда боло турган тегерек үстөлдө биз улуттук каада-салттын мына ушундай артыкчылык жактарын бүгүнкү башкаруу системасына киргизүү тууралуу талкуулайбыз,”- дейт Роза Акназарова.
Талкууга саясий партиялар, расмий өкүлдөр, парламент жана жарандык коом өкүлдөрү катышуусу күтүлүүдө.