Бул тууралуу «Азаттыкка» адвокат Айжан Касымалиева билдирди. Биринчи май райондук соту мындай арызды буга чейин карап, канааттандырган эмес. Жогорку Кеңештин кызматкери Жыпар Арыкова башка мамлекеттин пайдасына тыңчылык кылган деп шектелип июнь айында кармалган. Ал учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында кармалууда. Адвокаттын айтымында, Жыпар Арыкованын баш коргоо чарасын өзгөртүү үчүн парламенттин сегиз депутаты кепилдик беришти.(SM)