Ооганстанда 2 жума мурда уурдалып кеткен 4 адвокат өлтүрүлдү

Жергиликтүү полициянын маалыматы боюнча алардын өлүгү бүгүн Газни провинциясында табылган. Адвокаттар коңшу Пактика провинциясында иштечү. Талиптердин өкүлү Франс-пресс агенттигине билдиргендей юристтер бийликке иштегени үчүн өлтүрүлгөн.