18:45 Жалалабатта сарык менен бруцеллез кесели өсүүдө

ЖАЛАЛАБАТ. Облуста вирустук гепатит менен ооругандардын саны былтыркы 433 адамдан бир жарым эсеге көбөйдү. Алты айда гепатит менен 657 адам ооруган. Кесел Майлуусуу шаары менен Ноокен, Базаркоргон, Сузак, Аксы, Алабука, Токтогул райондорунда башка аймактарга караганда өсүү үстүндө. 2-августта облустук санитардык-эпидемия станциясынан алынган маалыматка караганда, айыл кыштактарда суунун тартыштыгы менен тазалык тартиптин эрежелеринин сакталбагандыгы оорунун өсүшүн шарттоодо. Эмдөөнүн начардыгынан 549 киши малдан жугуучу бруцеллез кеселине чалдыккан. (YA)