Бүгүн президент Бакиев «Кыргызстандын Улуттук электртармагы» ишканасынын башкы директору Салайдин Авазовду кабыл алды. С. Авазов өлкө башчыга ишкананын бүгүнкү күндөгү абалы, электр кубатын бөлүштүрүүчү компаниялардын иши тууралуу айтып берди. С. Авазовдун айтымында, азыркы убакта от жагуу мезгилине даярдыктарды көрүү багытында иштер жүргүзүлүп жатат жана ал өз мөөнөтүндө бүтөт. Быйыл капиталдык курулуш жүргүзүүгө 488 миллион сом пайдалануу пландаштырылууда. Президент Бакиев өз кезегинде электр энергиясынын техникалык жана коммерциялык коромжулуктарын азайтуу боюнча ачык айкын чараларды көрүү зарыл экендигин белгиледи. “Эгерде 2008-жылдын 1-апрелине чейин бул ишке ашпаса, тиешелүү мекемелердин жетекчилерин иштен бошотуу жөнүндөгү маселе каралат”,-деп кошумчалады К. Бакиев. (ZMa)