АКШ менен Ооганстандын президенттери бүгүн жолугушат
АКШ президенти Джордж Буш менен Ооганстандын өлкө башчысы Хамид Карзай бүгүн Вашингтондо жолугушат. Өлкө жетекчилери Ооганстанда талиптерге жана “Аль-Каида” уюмунун согушкерлерине каршы күрөш маселесин талкуулашат. Сүйлөшүүлөр 2 күнгө созулат.