Муса Мураталиев, Москва «Газпром» компаниясы кечээ Беларус бул жума ичи карыз акчасын толук төкпөсө, ал жумуриятка өтчү газдын 30 пайызын кармап кала тургандыгын билдирди. Бул туурасында «Газпромдун» өкүлү Сергей Куприянов ИНТЕРФАКС агенттиги аркалуу билдирүү таркатты. 3-августта Минск моюнундагы жарым миллиард долларга чукул карызынын 190 миллионун төккөн. Калган бөлүгүн «Белтрансгаздын» кийин төгүүсү үчүн орусиялык тарап маакулдугун берген. Бирок акысын кайрадан кечээ доолай башташкан жана Куприяновдун айтымына караганда, эгерде Беларусия чегиндеги ара жолдо газ уурдалат экен, анда «Газпром» европалык өлкөлөргө газдын тынбай жеткирилишин камсыз кылыш үчүн Минскиге башкача чара көрөт деп эскерткен.
Орусия кошунасы Беларус менен жакалашышы алдынкы аптада президент Лукашенконун Маскөөгө карата ачуу сын айтышынан улам кайра өөрчүтүп тутанды дешет. «Газпром» мурда айтылгандай ушул айдын жакасында "карыз жарым миллиондой долларга жетип калды, төк, болбосо алып жагып аткан көгүлтүр отунуңдун көлөмүн 45 пайызга кыскартам деп опузалаган. Ошондо Беларус өлкөсүнүн лидери теригип, бейшемби күнү: «Орусия биздин өлкөнү менчиктештирип алууну каалайт шекилдүү. Карыздан кутулабыз… Уго Чавес жана башка досторубуз бизге насыя берет»,- деген эле.
Экспертер далилинде болсо Лукашенконун арданышына негиз бар. Эмне дегенде 31-декабрда Маскөө менен Минск көгүлтүр отун менен калкты тейлөө боюнча ишкердик келишимге жетишишет. Ал документке «2007-жылы орусиядан алынуучу көгүлтүр отун наркы ар бир кубометри үчүн 100 доллардан акы төлөнөт» - деп жазышат. Ошол келишим негизинде Минск үстүдө жылдын бирнинчи жарымында жалпы төлөнчү акынын 55 пайызын мурдагы наркта ал эми 1-июлдан тартып анын 100 пайыздык кымбаттаган наркында төгүү милдетин алат. Ага кошумча Маскөө акы төлөөгө келгенде Минскиге пайызды аз тууй турган насыя берүү кебин козгоп тил эмизет.
Бул жолу келишимдин дал ошол, арзан насыя берүү жери күчүнөн кеткендиги Лукашенкону безге сайгандай айкыртты дешет. Ошондуктан ал мындай кадамы менен Маскөө мурдагы өнөктөрүнө кол толгоо салууда деп катуу кеткен:
- Кийинки учурда барып, Кремлдин алдына чөгөлөш керек деген кептин четин чыгарышчу болду. Бирок мен ал жакка барып тизелей албаймын.
Ошол орто саал маакулдашууга келип, карыздын калганын акырындап төгүү кебине жетип калган кезде, жума күнү "батька" Лукашенко:
- Биздин премьер-министр башында турган министрлерибизди сарыктырып жооп күттүрүп, Кремль шагын сындырды, алар келгенде мен экинчи Маскөөгө барбагыла дейм! - деген.
Анын эртеси «Газпром» компаниясы мурдагы кебинен айнып Минскиге акысын дароо төгүү талбын коюп, ыкылдатуу башталган.