Ооган президент Хамид Карзай АКШ президенти Жорж Буш менен сүйлөшүү үчүн Кошмо Штаттарга жөнөп кетти

Сүйлөшүүлөрдө негизги көңүл ооган жериндеги талибдер менен “ал-Каиданын" террорчуларына каршы күрөштү күчөтүүнүн жолдоруна бурулаары айтылды. Анын аралыгында Ооганстанда эки жумадан ашуун убакыттан бери талибдер жыйырма бир түштүк кореялыкты барымтада кармап турушат.