Аба ырайы

БИШКЕК. Синоптиктердин билдирүүсү боюнча, 7-августта Кыргызстанда күн күркүрөп, мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +15...+20, күндүз +32...+37 градус.
Талас облусунда түнкүсүн +12...+17, күндүз +30...+35 градус.
Баткен, Ош, Жалалабат аймактарында түнкүсүн +17...+22, күндүз +32...+37 градус.
Ысыккөл өрөөнүндө түнкүсүн +9...+14, күндүз +21...+26 градус.
Нарын облусунда түнкүсүн +9...+14, күндүз +24...+29 градус.
Бишкек шаарында ала булут каптап турат, жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +17...+19, күндүз +34...+36 градус.