Ооганстандын түштүгүндө жыйырма согушкер өлтүрүлдү

АКШнын куралдуу күчтөрүнүн жетекчилиги берген маалыматка ылайык, кечээ сексенге жакын согушкер америкалык жоокерлер жайгашкан Анаконда лагерине кол салган. Атышуулардан жыйырма согушкер өлтүрүлүп, эки өспүрүм кыз жана эки ооган жоокери жаракат алган. Анын аралыгында, Орузган провинциясында талиб жанчылары полиция бекетине кол салып, натыйжада атышуулардан он беш талиб согушкери өлтүрүлгөн. Кагышуулардан алты полициячы курман болгону кабарланууда.