АК «Буудай-Каракол» 9 миллион сомго мамлекеттин буудайын белгисиз жолдор менен жок кылган. Бул тууралу өлкөбүздүн өкмөтүнүн маалымат кызматынан билдиришти. Премьер–министр Алмазбек Атамбаев ишти териштирүүнү башкы прокурор Эльмурза Сатыбалдиевге, Финансы полициясы жана Мамлекеттик мүлк комитетине тапшырды. Чыгарылган жыйынтыктар министрлер кабинетинде каралат. Жалпысынан алганда АК «Буудай-Каракол» мамлекеттке 1 миллион 400 тонна буудай 9 миллион 665 сомго кайра кайтарып бериши керек. (MiT)