8:18 Ысыккөлдө Мамлекеттер аралык өндүрүш коопсуздугу боюнча кеңештин 6-отуруму болот

27-августта баштала турган отурумга шериктеш өлкөлөрдүн жана КМШнын Аткаруу комитетинин өкүлдөрү катышат. Жыйындын катышуучулары адам өмүрүнө коркунуч туудурган өндүрүш жайларында коопсуздукту камсыз кылуу багытында ккызматташтык тууралуу макулдашып, бир катар нормативдик-укуктук документтерге кол коет деп күтүлүүдө. Эки күнгө созула турган отурум Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өндүрүш коопсуздугу жана тоолорду көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Турарбек Саркуловдун төрагалыгы астында өтөт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы маалымдады. (ZMa)