Өкмөт башчы Алмаз Атамбаев курултайды өткөрүү демилгесин колдоорун кечээ Орусия жана Казакстандагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди. Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлангандай, премьер-министр ошондой эле чет жерде жүргөн кыргыз атуулдарынын маселелерин жеринен чечүүгө көмөктөшкөн ардактуу консулдардын Институтун киргизүү демилгесин да жактырган. (EBM)