17:49 Чолпонбай Түлөбердиевдин 85 жылдык мааракесине байланыштуу марафон өткөрүлдү

ТАЛАС. Марафон баатырдын өзүнүн туулуп өскөн айылы азыркы Карабуура районуна караштуу Чолпонбай айылындагы Түлөбердиевдин мемориалдык музейинин алдында өттү. Марафонго облустук, райондук мекеме-уюмдардын жетекчилери катышып, 227 миң сом накталай, которуу жолу менен 633 миң сом жыйналды. Мындан тышкары айрым мекеме-уюмдар курулуш жана башка иштерине 4 жарым миллиондон ашык иш жазап беришмей болушту. Облустун губернатору Байымбет Мураталиевдин айтымында, чогулган каражат Чолпонбай айылынын инфраструктурасын оңдоого, баатырдын музейин жана эстелигин реконструкциялоого жумшалмакчы. (UA)