Түштүк Корея Ооганстандан гуманитардык жардам көрсөтүү уюмун бир айдын ичинде чыгарып кетет
Бул тууралуу "Ассошиэйтед пресс" агенттиги кабарлады. Бул - барымтадагы корейлерди бошотууга жардам болот деп божомолдонууда. Ушул тапта талиптер барымтага алган Түштүк Кореянын 21 жаранын бошотуп алуу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда.