Ысыккөл облусунун миңден ашуун тургунун текшергенде алардын 80 пайызы көз, 55 пайызы сөөк-булчуң, 50 пайызы нерв ооруларынан жабыр тартышарын Орусиянын догдурлары аныктады. ШКУнун алкагында жүргүзүлүп жаткан иш чара боюнча Орусиялык он эки догдур көл кылаасындагы элдин саламаттыгын текшерип, жеринде жардам көрсөтүүдө, деп билдирди Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы. Маалыматка караганда 24-июлдан бери Ысыккөл облусунда Орусиялык дарыгерлердин курамында терапевт, невролог, кардиолог, офтальмолог, хирург-уролог, балдар догдурунан турган тобу ысыккөлдүк 1029 адамды текшеришкен. Алар жергиликтүү дарыгерлерге да тажрыйбаларын үйрөтүүдө.(AJ)