Ингушетияда орусиялык 2 миң аскер катышкан ири операция өтүүдө

Орусиянын ички иштер министрлигинин маалымдашынча, операция Чеченстанга чектеш республикада коопсуздукту камсыздоону көздөйт. Акыркы жумаларда Ингушетиянын полициясына жана өкмөттүк адамдарга бир нече ирет кол салынган.