БУУнун Коопсуздук Кеңеши Улуттар Уюмунун Ирактагы вазийпасын чоңойтту

Бир добуштан кабыл алынган чечимди БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун колдоду: - Ирак элине жардам берүү Улуттар Уюмунун аруу милдети. Биз азыр улуттук элдешүү, регионалдык диалог, гуманитардык жардам жана адам укугу сыяктуу маанилүү тармактарда өз жардамыбызды көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк алганыбызга кубанычтамын. Бул резолюция Ирак өкмөтүн Улуттар Уюмуна өлкөдөгү этникалык жана диний топтор менен сүйлөшүүгө жардамдашууга милдеттендирет. Ошондой эле БУУга региондо чекара коопсуздугу, энергия жана качкындар маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүү укугун берет.