«ЖАШЫЛДАРДЫН» ЛИДЕРИ Э.БӨЛӨКБАЕВДИН ҮСТҮНӨН СОТ БАШТАЛДЫ

Ушул маалда Свердлов соту айыптоочу тараптын сөзүн угуп, бир аз тыныгуудан кийин күбөлөрдүн көрсөтмөсүн карап чыгат. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Жашылдар” партиясынын төрагасынын биринчи орун басары Анара Султангазиева маалымдады. “Жашылдар” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Э. Бөлөкбаев, кечээ “Ысыккөл инвест” банкына байланыштуу окуяны тасмага тартып жаткан учурда Свердловск РИИБнүн кызматкерлери тарабынан камакка алынган. Ага “бейбаштык кылган” деген айып тагылууда. Бүгүн алгач Свердлов районунун ички иштер бөлүмүнүн алдында, андан соң Свердлов сотунун жанында "Бөлөкбаевге эркиндик!", "Мыйзамсыздыкка жол жок!" деген жазуулары бар плакаттарды кармаган “Жашылдар” партиясынын жыйырмага чукул мүчөсү пикет өткөрүштү. (ZMa)
CҮРӨТТӨ: «Жашылдар» партиясынын мүчөлөрү Эркин Бөлөкбаевдин бошотулушун талап кылып, сот залына келишти.