16:00 Жаңы конуштарда тигүү цехтерин курууга жер жок

Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги Бишкек шаарын айланта курчаган жаңы конуштарга тигүү цехтерин ачууга кызыкдар. Аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлагандай, мындан ишкерлерге гана пайда түшпөстөн, жаңы конуштардын жумушсуз тургундары да иш менен камсыз болмок. Бирок шаар мэриясы азырынча тигүү цехтерин куруу үчүн атайын участок бөлүп бере элек. Эгер жер бөлүнүп берилсе, цех имараттарын ишкерлер өз каражаттарына эле куруп алышмак, мындан тышкары тигүү цехтерин иштетүүгө бүгүнкү күнү дасыккан адистердин да жетишсиздиги бар, деп жазылат маалыматта.
Байкоочулардын айтуусунда жаңы конуштарда ушул кезде деле эч жерде катталбаган, көмүскө иштеп жаткан тигүү цехтери жүздөп саналат. (ZKo)