6-августтан 11-августка чейин Ысыккөлдө өткөн спартакиаданын катышуучулары бүгүн кайтып кетишти. Спорттун он төрт түрү боюнча өткөрүлгөн мелдеште 1-орунду Бишкек шаары, 2-орунду Ысыккөл, 3-орунду Чүй облусу алды. Ал эми кийинки спартакиаданы өткөрүү эстафетасы Ош облусунун энчисине тийди. (ZKo)