Иракта АКШнын дагы беш аскери мерт болду

Бул тууралуу америкалык аскерий командачылык кабарлады. Иракка АКШ жетекчилигиндеги аскерий күчтөр кирген 2003-жылдан бери, бул өлкөдөгү кагылышуулардан жана ар кандай чабуулдардан жалпысынан 3 миң 690 америкалык аскер өлүмгө кабылган.