КАБУЛ. Талибдердин барымта туткунунан бошотулган Түштүк Кореялык эки айымдын ден соолугу жакшы экени маалымдалды. Түштүк Кореянын Кабулдагы элчилиги алардын жакын арада мекенине жеткириле турганын билдирди. Түштүк Кореялык жыйырма үч жаран 19-июлда Талибандын барымта туткунуна түшкөн. Бул аралыкта талибдер эки эркек туткунду өлтүрүп салышты. Учурда Түштүк Корей өкмөтү калган туткундарды куткарып алуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.