20:42 Кытай төрагасынын Кыргызстандагы мамлекеттик сапары эртең да уланат

Ху Цзиньтао эртең өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов баштаган депутаттар менен да жолугушмакчы. «Ала-Арча-1» мамлекеттик резиденциясында өтчү бул жолугушууга 13 депутат катышмакчы. Кытай төрагасы Кыргызстандагы сапарын 16-августта Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышуу менен жыйынтыктайт.(SM)