Тыңчылык кылган делип шектелип, 19-июндан бери УКМКнын тергөө абагында кармалып отурган парламент кызматкери Жыпаргүл Арыкованын ахыбалы начарлап баратат. Бул тууралуу аны менен жолушуп чыккан энеси жана адвокаты билдиришүүдө. Жыпаргүл Арыкованын саламаттыгына ал иштеген Жогорку Кеңештин маалымат кызматы да тынчсызданууда. Парламенттин маалымат кызматынын өкүлүн Жыпаргүл Арыкова менен жолугуштуруу өтүнүчү менен парламент төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков Улуттук коопсуздук комитетине кат жолдоду. Ошол эле учурда байкоочулар Жыпаргүл Арыковага байланыштуу окуя кыргыз-кытай мамилесине таасир этиши мүмкүн деп болжоп жатышат.
Жыпаргүл Арыкованын адвокаты Айжан Касымалиеванын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, учурда Жыпаргүл Арыкованын саламаттыгы тергөө ишендиргендей канааттандыраралык эмес:
- Мен кечээ Жыпаргүл менен жолуктум, абалы мурадыгдай эле экен. Кусуп жатыптыр. Табити жок. Азыр ал күчтүү дарыларды ичип жатат да, анан бирде тамак жесе, бирде ачка болуп, балким ошондон да абалы начарлап кеттиби. Мен Жыпаргүл Арыкованы ооруканага жаткыруу боюнча аракет көрүп жатам.
Адвокат Жыпаргүл Арыкованын ооруканага жаткырууга тергөө макулдугун бербейт деген пикирде:
- Жыпаргүлгө терапевт жана невропотолог келген. Ага онколог керек, УЗИ жасатыш керек. Аны айтсам, тергөөчү жигит бардыгын бир күндө кыла албайбыз, кийин деп айтып жатат. Менин оюмча, тергөөчү Жыпаргүлдү ооруканага жаткырууга каршылык кылат.
Жыпаргүл Арыкованын ден-соолгу начарлаганын анын апасы Тамара Кыясова да айтты. Анын айтымында, 15 мүнөткө созулган жолугушууда кызы ахыбалы начар болгондуктан апасы менен отуруп сүйлөшө да алган жок.
Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөөчүсү Алтынбек Капаров “Азаттыкка” берген жообунда, Жыпаргүл Арыкованын жагдайы дарыгерлердин бүтүмү чыккандан кийин каралаарын айтты. Тергөөчү Жыпаргүлдүн ден-соолугу дурус экенин, тергөө бүтмөйүнчө кошумча маалымат бере албастыгын белгиледи.
Мына ошентип Жыпаргүл Арыкованын саламаттыгы дурус деп айтып жаткан тергөөгө ишеним көрсөтпөй, Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кесиптеши менен жолуктуруу өтүнүчү менен УКМКга эки ирээт кайрылды. Бирнчи өтүнүчтөн жооп албаган соң, маалымат кызматтын башчысыныны орун басары Эмил Ниязов ушундай эле мазмундагы сураныч катты Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабековдун атынан жиберди. Эмил Ниязов азырынча бул суранычка расмий жооп ала электигин билдирди:
- Мындай өтүнүч катты мен өзүмдүн атыман УКМКга жибергениме бир жумадан ашты. Расмий жооп албаган соң, мага болгону тергөөчү оозеки түрүндө жолугушууга болбойт деп жооп берди. Тергөө Жыпаргүлдүн саламаттыгы дурус деп айтып жатканына ишнбей турам, ошондуктан Жыпаргүл менен өзүм жолугушуп, ахыбалын өз көзүм менен көрүш үчүн 10-августта ушул эле кат депутат Кубанычбек Исабековдун атынан жиберилди. Азырынча жооп келе элек.
Бул чатакка тиешеси бар деп абакта Жыпаргүл Арыковадан тышкары кытай жараны да кармалып жатканы белгилүү. Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алдында бул чатакатын чыгышы кыргыз-кытай мамилелерине доо кетириши мүмкүн деген кооптонуулар айтылууда. Ошентсе да, айрым талдоочулар бул чатак эки мамлекет ортосунда мамлекеттик деңгээлдеги карама каршылыкка алып келбейт деп баамдашууда. Учурда Кыргызстанда Кытайдын президенти Ху Цзиньтао иш сапары менен жүрөт. Анын алкагында кытай жетекчисинин лидери Кыргызстандын расмий өкүлдөрү менен жолугушуусу каралган. Саясат таануучу Зайнидин Курманов, тыңчылыкка байланыштуу чатак маселе эки өлкөнүн жетекчилиги же расмий өкүлдөрү ортосунда каралса да, Кыргызстан менен Кытайдын алака-катнаштарына эч кандай таасирин тийгизбейт деп эсептейт:
- Менин оюмча бул жеке менчик маселе. Бул эки мамлекеттин ортосунда мамилеге эч кандай таасир тийгизбейт. Бул иш боюнча сот ишти аягына чыгарсын, анан көрөбүз. Эгерде ошондо Ж.Арыкованын күнөөсү боюнча жетиштүү фактылар болбосо, ошондо анан чатак чыгышы мүмкүн.
Арыкованы Коопсуздук Комитети 19-июнда кармап, мамлекетке тыңчылык кылды деген айып менен камакка алган. Алдын ала маалыматтар боюнча, тергөө иши эмки апта башында аяктаары күтүлүүдө.