10:53 Ху Цзиньтао: Былтыр Кыргыз-кытай товар жүгүртүүсү 2 млрд. 200 млн. сом болду

Бул тууралуу Кытай төрагасы Ху Цзиньтао Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов менен жолугушууда белгиледи. Жолугушууга Кыргыз парламентинин 15 мүчөсү катышты. Жолугушууда парламент тарабынан эки өлкөнүн бажы, статистика тармактарынын ишмердүүлүгү боюнча маалымат алмашуу сунушу айтылды. Анткени Кыргызстандын эсеби боюнча товар жүгүртүүнүн көрсөткүчү алты эсеге аз болууда. Бул тууралуу парламент төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков журналисттерге билдирди. (BuS)