19:38 Кыргызстан Ооганстандын экономикасына. эл аралык терроризмге каршы күрөшүүгө колдоо көрсөтөт

Мындай пикирин президент Курманбек Бакиев Ооган президенти Хамид Карзай менен кечке жуук болгон жолугушуусунда белгиледи. Президент Бакиев ушул эле күнү БУУнун баш катчысынын орун басары Линн Паско, Пакистандын тышкы иштер министри Хуршид Касури менен жолугушту. Ушундай эле эки тараптуу жолугушууларды Бакиев Иран президенти Махмуд Ахмединижад, Монголия президенти Намбарын Энхбаяр, Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен өткөрмөкчү. Бүгүн президент Бакиев ошондой эле Орусия президенти Владимир Путин менен да жолугушмакчы. Владимир Путин Бишкекке жакынкы аралыкта келери күтүлүүдө. Бир аз убакыт мурда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев келди. Акыркылардан болуп Бишкекке саммиттин конокторунун бири Түркмөнстан мамлекет башчысы Гурбангулу Бердымухамедов эртең менен келери айтылууда. Жалпысынан саммитке он мамлекет башчы катышат.(BuS)