Минага жарылып үч аскер курман болду

КАБУЛ. Кабулдун чет жакасында НАТО аскерлерине каршы коюулган бомбадан германиялык үч аскер курман болду. Жолго орнотулган бомбадан ошондой эле бир жергиликтүү тургун жаракат алды.