23:58 Орусия Кыргызстандын экономикасы үчүн 2 миллиард доллар салууга ниеттенет

Бул тууралуу орус президенти Владимир Путин кыргыз президенти Курманбек Бакиев менен шаршемби күнү кечинде болгон сүйлөшүүдө билдирди. Путиндин айтымында, Орусия өкмөтү Кыргызстандын экономикасы үчүн 2 миллиард доллар өлчөмүндө каражат салууга ниеттенип жатат, бирок ал үчүн мыкты долбоорлор гана керек. Айрым байкоочулардын баамында, бул долбоорлор Камбарата ГЭСтерине байланыштуу болушу ыктымал. Анын үстүнө алдын ала эсептөөлөр боюнча аталган ГЭСтерди куруу үчүн 2 миллиард доллардын тегерегинде каражат зарылдыгы белгилүү. Бул ГЭСтер боюнча акыркы кабыл алынган мыйзам болсо алардын курулушуна чет элдик инвестиция тартууга жол ачат. (SM)