12:25 Махмуд Ахмадинежад: Иран ШКУнун өнүгүүсү үчүн салымын кошот

Иран президенти Махмуд Ахмадинежад саммитте сүйлөгөн сөзүндө ШКУ дүйнөдө маң заттардын аткезчилиги, террорчулук жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүдө маанилүү ролду ойноодо деп белгиледи. М.Ахмадинежад Иран геосаясий көз караштарына карабастан, ШКУнун өнүгүшү үчүн өз салымын кошо тургандыгын айтты. Сөзүн жыйынтыктап жатып, Иран президенти Кыргызстан элине меймандостук үчүн ыраазычылыгын билдирди. (ZMa)