Саммитке байкоочу катары катышып жаткан Монгол президенти Намбарын Энхбаяр ШКУга мүчө өлкөлөр өз ара биргелешкен аскерий окууларды тез-тез өткөрүп туруу сунушун киргизди. Монгол президенти миңдеген адамдардын өмүрүн алган жаратылыш кырсыктарды алдын-алуу жана бул кырдаалда бирдиктүү жардам көрсөтүү үчүн ШКУнун ролун жогору деп баалады. “Монгол өлкөсүндө деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, биз унаа байланышын жакшыртуу мүмкүнчүлүгүн изилдеп чыгабыз”,-деди Намбарын Энхбаяр.(ZMa)