БИШКЕК. Ооган президенти Хамид Карзай Бишкектеги саммитте мындан 6 жыл илгери Ооганстан дүйнөгө коркунуч келтирген мамлекет болгонун, талиптер эларалык коркунуч келтирген күч болуп турганын белгиледи. Анын айтымында, 11-сентябрдан кийин дүйнө эларалык терроризмге каршы күрөшкө олуттуу көңүл буруп, Ооганстанда талиптердин режимин кулатканын, азыр Ооганстан демократиялуу Конституциялуу, жалпы эл шайлаган президенттүү мамлекет экенин, азыр экономиканы жолго коюу иштери жүрүп жатат. Х.Карзай жакында өткөн Ооганстан жана Пакистандын урууларынын «Тынчтык жиргасынын» маанисин белгиледи.
Ооган президенти экономиканы көтөрүү үчүн аймактагы экономикалык уюмдарга мүчө катары кирип жатканын айтты. Ошонтсе дагы дале болсо Ооганстанда маңзат жана террор коркунучтуу фактор болуп калып жатат. Ал аймакак эле эмес, дүйнөгө коркунуч келтирүүдө. «Эларалык террорго, маңзаттарга каршы күрөшүү ШКУ уюмунун башкы иштеринин бири болуп калышын каалайт элем», - деди Х.Карзай.
«Аймактын өнүгүп-өсүшү Ооганстандагы абалга көз каранды, ошондон улам биз тынчтык багыттагы кызматташууну, экономикалык алакаларды арттырууну колдойбуз». (КО)