Бүгүн Ооганстандын Газни провинциясында түштүк кореялык өкүлдөр менен талибдердин сүйлөшүүлөрүнүн төртүнчү айлампасы башталды. Барымтадагы он тогуз туткунду бошотуу тууралуу сүйлөшүүлөр болжолдонгондон беш саатка эрте башталды. Талибдердин өкүлү Зейбхалла Мужахид бул жолку сүйлөшүүлөрдүн чордонунда абактагы талибдерди түштүк кореялык туткундарга алмаштыруу маселеси болорун “Азаттык” үналгысынын ооган кызматына берген маегинде билдирди. Газни провинциясынын губернатору Меражуддин Паттан бул маалыматты тастыктаган жок.