Ооганстанда «аль-Каидага» каршы ири операция башталды

АКШ жана ооган аскерлеринин «аль-Каида» жана талиб согушкерлерине каршы жаңы операциясы өлкө чыгышындагы Тора-Бора тоолорунда жүргүзүлүүдө. Ооган бийликтери бул арада 250 чакты үй-бүлө операция жүрүп жаткан аймактан жер которгонун билдиришти. Пакистан менен чектеш Тора-Бора тоолорунда Усама бин Ладен жашырынып журөт деген маалыматтардан улам бул аймакта 2001-жылы да ири операция жүргүзүлгөн. Азыркы операциянын максаты - бул тоонун кокту-колотторунда бекемделген согушкерлердин позициясын кыйратуу.