Ушул жылы 1-августта аталган министрлик элүү бир мектептин курулуш иштери үчүн 108 миллион үч жүз миң сом бөлдү. Мындан тышкары кийинки жылы социалдык мааниге ээ болгон жайларды куруу үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин сунушу менен Каржы министрлиги тарабынан бир жүз алтымыш сом бөлүнмөкчү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты. (ZMa)