ПУТИН КЫРГЫЗСТАНГА ЭКИ МИЛЛИАРД УБАДА КЫЛДЫ

Бишкектеги Шаңкай кызматташуу жыйынына келген Орусия президенти В.Путин Кыргызстан экономикасына 2 миллиард доллар инвестиция салууга орус өкмөтү куштар экенин билдирди. Жападан-жалгыз шарт - ошол акчага ылайык долбоор сунушталышы абзел. Инвестициялык долбоор Кыргызстандын энергетика тармагына, атап айтканда, “Камбарата – 1 2” электр станцияларынын курулушуна багытталмакчы. Орусия менен Казакстан энергетиктеринин көмөгү менен ушу тапта ири курулуштун алгачкы техника-экономикалык негиздемеси даярдалууда.



Эки-үч жылдан бери «Камбарата 1 менен 2» ГЭСтерине орусиялык, казакстандык ишкерлер инвестиция салууга ниеттенип, бирок да долбоорду ишке ашырууга мыйзам тоскоолдугу кедергисин тийгизип келген. Быйыл парламент жайкы эс алуусуна чукул эки электр станциянын курулушун чет эл инвесторлоруна берүүгө мүмкүндүк түзгөн мыйзам кабыл алгандан кийин токтолуп турган иш жандана баштады. Кыргызстан өкмөт башчысынын мурдагы орунбасары Базарбай Мамбетовдун ырасташынча, курулушу илең-салаң «Камбарата 2» электр станциясын эртерээк бүтүрүү аракетин өкмөт мындан беш жыл илгери эле көргөн.

- Ошондо В.Путиндин акимчилиги 200 миллион долларды бюджеттен РАО РЕЭСке резервге калтырып, «Камбарата» ГЭСтерине жумшаганга макул болушкан. Анан ошол кезде биздин аткаминерлер, энергетика тармагын бийлеп турган төбөлдөр: «Биз РАО ЕЭСке бербейбиз, «Камбарата – 1 менен 2» ГЭСтерин «Русский алюминий – РусАл» компаниясы салат», дешкен. Ошондон кийин А.Чубайс Г.Рапота, алардан соң В.Путин бул маселени токтотуп коюшкан.

Б.Мамбетов «Камбарата – 1» ГЭСин орусиялык компаниялар курса жакшы болор эле деген пикирде. Себеп дегенде, Нарын дарыясынын төмөнкү агымында жайгашкан Өзбекстан менен Казакстан ири ГЭС курулушу ортодогу суу бөлүштүрүү проблемасын курчутуп жибериш ыктымалдыгынан чочулашууда.

Парламенттин төрага орунбасары Таирбек Сарпашевдин айтуусунда, Борбор Азия республикалары үчүн суу-энергетика проблемасы жылдан-жылга курчуп баратат. Энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу аргасын издеген өлкөлөр суу башындагы Кыргызстан менен Тажикстандын гидроэнергия ресурстарына ири инвестиция салышка куштар.

- Бу Орто Азияда гидроэнергетика боюнча потенциалы чоңдордон Тажикстан менен эле бизбиз. Анан булар эки өлкөгө кызыгып жатышат. Электр энергиясын канчалык көп өндүрсө, бул бизнеске деле жакшы, инвестицияга деле жакшы. Анан Орусияга берүүнүн бир жакшы жери – булар суу талашпайт эле да , - дейт Т.Сарпашев.

«Камбарата 1 менен 2» ГЭСтеринин курулушуна катышууга, инвестиция салууга жалаң Орусия, Казакстандан тышкары коңшу Кытай, айрым бир маалыматтар боюнча, Батыш компанияларынын кызыкчылыгы бардыгы маалымдалган. Бирок да Москванын Кыргызстанга багышталган ири инвестициясын В.Путиндин Шаңкай кызматташуу уюмунун Бишкектеги жыйынына келген учурунда жарыя кылышы, укук коргоочу Турсунбек Акундун пикиринде, Кыргызстанды сыйлагандыгынын белгиси.

- Орусия жөн эле мамлекеттерге 2 миллиард долларын чачкысы келбейт.

Кыргызстандын энергетика, өнөр жай, отун ресурстары министрлигинин департамент жетекчиси Жекшенбек Сыдыковдун айтуусунда, энергетика тармагындагы долборлордун ичинен «Камбарата 1 – 2» ГЭСтерин курулушуна өзгөчө маани берилишинин жүйөлүү дегидей себеп-жөнү бар.

- «Камбарата 1 – 2» ГЭСтери бул даяр долбоорлор. Эгер эле энергетика боюнча гана алып келсек, башка деле долбоорлор бар. Мисалы, «Сарыжаз» долбоору. Сарыжаз дарыясына деле катар-катар ГЭСтерди курууга болот. Бирок ал жерлерге көп долбоорлор талап кылынат. Жаңы долбоорлорду кошуу керек, аларды ишке киргизүү зарыл. Анан ошонун негизинде жумуш жүргүзүү керек.

Быйыл Кыргызстандын жарым жылдык экономикалык өнүгүшү дурус дегидей көрсөткүчкө жетише алды. Өкмөт экономикалык өнүгүш ыраатын азыркы калыбында кармаш үчүн тикелей инвестиция тартуунун амал-аргасын издөөдө. Айрым адистердин болжолунда, ушу тапта Кыргызстан үчүн жалаң Казакстан эмес, Орусия, Кытай инвестициясын тартууга дурус дегидей шарт түзүлгөн.