Бүгүн ШКУнун «Тынчтык миссиясы-2007» деп аталган аскерий машыгуусу жыйынтыкталат

Орусиянын Челябинск облусундагы Чебаркуль шаарында өтүп жаткан машыгуунун бүгүнкү жыйынтыктоочу бөлүгүнө аталган уюмга мүчө мамлекеттердин жетекчилери байкоо салмакчы. 9-августта башталган бул машыгууга ШКУга мүчө өлкөлөрдөн жалпысынан 6 миңге чукул аскер катышууда.